Саламаттык сактоо системасы

Милдеттер

Саламаттык сактоо уюмдарында башкарууну жана процесстерди жакшыртуу аркылуу баштапкы медициналык-санитардык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатуу.

Иш-аракеттер

БМСЖ деңгээлиндеги сапаттуу кызматтар - натыйжалуу, рационалдуу жана жеткиликтүү саламаттык сактоо системасынын негизи.

Мультидисциплинардык команда тарабынан көрсөтүлүүчү комплекстүү жана координацияланган өмүр бою кам көрүү башкаруу процесстерин жакшыртуу жана оорунун эрте алдын алуу аркылуу ооруну жана өлүмдү азайтууга жардам берет. Стационардык жардамды жана адистештирилген кызматтарды пайдаланууну кыскартуу менен чыгымдарды үнөмдөөгө жетишүүгө болот.

БМСЖны өнүктүрүү көп тараптуу мамилени талап кылат жана биздин команда пилоттук мекемелерге «адамдын муктаждыктарына багытталган комплекстүү жардам» көрсөтүүнү уюштурууга жардам берет. Бул ооруну дарылоого жардам берүү гана эмес, социалдык шарттарды аныктоо жана адамдын ден соолугуна активдүү катышуу дегенди билдирет. Бул салттуу ооруга багытталган моделден баш тартуу жана адамдын муктаждыктарын эске алуу менен, жаңы активдүү мамилеге өтүү. Мындай өзгөрүү ар бир адамдын жеке ой жүгүртүүсүндө дагы, саламаттык сактоо саясатында дагы болушу керек. Биз клиникалык адистердин, социалдык кызматкердин жана психологдун мультидисциплинардык топторунун ишин ишке ашырууга жардам беребиз.  Алар саламаттык сактоо уюмдарындагы процесстерди жеңилдетип, адамга өмүр бою тийиштүү кам көрүү жана алдын алуу менен камсыз кылат. Мындай команда камсыз кылган координацияланган жана комплекстүү мамиле төмөнкүлөргө жардам берет:

  • ооруну жана өлүмдү азайтуу;
  • стационарды жана жогорку адистештирилген жардамды пайдаланууну кыскартуу аркылуу калктын жана мамлекеттин акчасын үнөмдөө; ар кандай киреше деңгээли бар калктын бардык категориялары үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн географиялык жана социалдык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

Долбоордун командасы Ош шаарындагы жана Чүй облусундагы пилоттук уюмдарга улуттук стратегиялардын жана программалардын пландарын ордунда ишке ашырууга ылайыкташтырууга жардам берет.  Саясаттагы жана клиникалык практикадагы өзгөрүүлөр каржылоо моделин өзгөртүүнү талап кылат. Финансылык механизмдерди кайра карап чыгуу медициналык кызматтардын мамлекет кепилдеген базалык пакетин камтууну жакшыртууга жана БМСЖ ресурстарын алар үчүн финансылык стимулдарды камсыз кылуу менен натыйжалуу бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет . Долбоордун командасы медициналык камсыздандыруу фондуна кызматтардын тизмесин аныктоого жана кош бойлуу аялдарды камсыздандыруу мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга жардам берет. Ошондой эле эксперттер тобу Саламаттык сактоо министрлигине улуттук протоколдорду жана стандарттарды иштеп чыгууда техникалык экспертиза чыгарат.

БМСК-баштапкы медициналык-санитардык кызмат
ФАП – фельдшердик-акушердик пункт
ҮМБ-үй-бүлөлүк медицина борбору