Омуртка оорусун ооруксуздандыруу Кыргызстанга келет

Омуртка оорусун ооруксуздандыруу Кыргызстанга келет

Талгатбек Ташматов д-р Герлинде Партеке (c) GIZ/Максим Фоссаттын көзөмөлүндө толгоо тарткан аялга омуртка оорусун басаңдатуу ишин жүргүзүүдө

Февралдын аягында жана марттын башында үч жума Бишкек ш. перинаталдык борборунун ооруксуздандыруучуларына жумуш орундарында өзүлөрүнүн көндүмдөрүн жана билимдерин жакшыртуу мүмкүнчүлүгү болду. Берлинден жакында эле эс алууга чыккан, ооруксуздандыруучу д-р Герлинде Партеке ооруксуздандыруучулар, акушерлер, медайымдар жана төрөттө омуртка оорусун басаңдатуу боюнча иш жүргүзүүчү акушерлер командасын окутту. Партеке айымдын иш сапары GIZ Кыргызстандагы перинаталдык саламаттыкка сактоо көмөктөштүгү долбоорунун кызматташтыгында Улук эксперттер кызматы (SES, Германия) тарабынан уюштурулган.

Перинаталдык борбор кечиктирилгис акушердик жардамга жана мультидисциплинардык командалардын иштешине өзгөчө басым жасоо менен перинаталдык кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча GIZ долбоору менен 2014-жылдан бери тыгыз кызматташат. Азыркы долбоордун алкагында кызматташуу медициналык кызматкерлердин клиникалык көндүмдөрүн жакшыртууга жана дарыгер акушерлердин нормалдуу физиологиялык төрөттү жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды берүүнүн моделдерин иштеп чыгууга багытталган.

Кыргызстанда төрөттү ооруксуздандыруунун сунушталган формасы

Толгоо учурундагы аял, Бишкек
© GIZ/Максим Фоссат

Натыйжалуу ооруксуздандыруу аялдардын төрөттөгү тажрыйбасын арттырууга мүмкүндүк берет жана бейтап жаткан борбордо акушердик жардам көрсөтүү үчүн абдан маанилүү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) аялдарга толгоо жана төрөт учурунда ооруксуздандырууну талап кылган омуртка оорусун ооруксуздандырууну сунуштайт. Бирок Кыргызстандын төрөт үйлөрүндө омуртка оорусун ооруксуздандыруу жүргүзүлбөйт.

Мындан мурда ушул жылы КР Саламаттык сактоо министрлиги төрөт үйлөрүндө ооруксуздандыруунун бул формасын киргизүү мүмкүндүгүн түзүү менен, артериялык кан басымы бузулган кош бойлуу аялдар үчүн омуртка оорусун ооруксуздандырууну пайдаланууга мүмкүндүк берген клиникалык протоколду бекиткен.

Бишкек ш. перинаталдык борборунун башкы дарыгери д-р Бурул Алмазбекова, өзүнүн кызматкерлери үчүн мындай омуртка оорусун ооруксуздандырууну коопсуз жүргүзүүнү үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн кубаттады. Жылына 10,000 жакын төрөттү кабыл алуу менен, перинаталдык борбор Кыргызстандагы эң жык толгон төрөт стационарынын бири болуп саналат. Мында төрөгөн аялдардын көбүнчөсү башка стационарлар тарабынан артериялык кан басымы бузулган же кош бойлуулук менен байланышкан башка оорлошуулар табылгандан кийин жөнөтүлгөндөр. «Ар бир аял өзүнүн баласын ыңгайлуу шарттарда төрөө мүмкүндүгүнө ээ болууга тийиш – дейт д-р Алмазбекова. Омуртка оорусун ооруксуздандыруу артериялык кан басым бузулган учурларда гана эмес, бардык учурда колдонулушун каалайт элем».

Ооруксуздандыруу жана жандандыруу бөлүмүнүн башчысы, д-р Динара Мамбеталиева, төрөт стационарында омуртка оорусун ооруксуздандырууну киргизүү үчүн кыймылдуу күчтөр бар дейт. «Ооруксуздандыруу үчүн колдонулуучу баңги зат каражаттарына салыштырмалуу омуртка оорусун ооруксуздандыруунун абдан көп артыкчылыктары бар - деп түшүндүрөт д-р Мамбеталиева. Оорусуздандыруунун жогорку натыйжалуулугу белгиленет, ооруксуздандыруу жасоо учурунда аял аң-сезимде болот, төрөттө ооруксуздандыруунун таасири узакка созулушу мүмкүн, төрөт ишине, эненин жана түйүлдүктүн абалына зыян келтирүүчү таасири болбойт».

Жумуш ордунда окуу — бул теория менен практиканын айкалышы

Тазалоо даярдыгы
© GIZ/Максим Фоссат

Д-р Партеке өзүнүн иш сапары учурунда омуртка оорусун ооруксуздандыруу боюнча мастер-класс өттү, андан кийин ооруксуздандыруучулар, дарыгерлер, медайымдар жана акушерлердин командасынын ыктыярчысы катары катышкан жана омуртка оорусун ооруксуздандырууга өзүлөрүнүн макулдугун берген аялдарга төрөттөгү процедураларды жасоодо кадамдардын тактыгына көз салды.

Партеке айым Германиядан өзү менен бирге омуртка ооруларынын жана спиралдык топтомдорун ала келген, омуртка ооруларын ооруксуздандырууну толугу менен тазартылган шарттарда жүргүзүү үчүн жумуш ордун, бейтаптарды жана зарыл болгон аспаптарды даярдоо боюнча окуу өттү.

Үч жуманын ичинде ар бир штаттык ооруксуздандыруучуда Партеке айымдын өзүнүн көзөмөлүндө омуртка ооруларын ооруксуздандырууну жүргүзүү мүмкүндүгү болду. Талгатбек Ташматов омуртка оорусун ооруксуздандырууну - талап кылынган клиникалык көндүмдөргө карата гана эмес, ийгиликтүү ишке ашыруунун зарыл атрибуттары болуп саналган жабдууларга, дары-дармектерге жана тазаланган материалдарга карата да «сарптоо» катары баяндайт. Бирок ал өз алдынча процедура жасай аларына өзүн ишенимдүү сезет: «Тренинг позитивдүү тажрыйба берди. Эми биз көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө артериялык кан басымы бузулган аялдардын омуртка ооруларын ооруксуздандырууну жасоого даярбыз».

Узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн позитивдүү башталышы

Дарыгер жана ординаторлор процедурага көзөмөл жүргүзүп жатышат
© GIZ/Максим Фоссат

Тренинг оорукананын персоналдарынын чоң кызыгуусун жаратты. Ал тургай түздөн-түз тартылбагандар да омуртка оорусун ооруксуздандырууну жүргүзүүгө кызыгышты. Д-р Мамбеталиева алган тажрыйбасына абдан ыраазы. «Өзүнүн жумуш ордунда эл аралык эксперттен окуу ар бир адистин кыялы – деп айтты. Биз чындыгында кызматташтыкты улантууну чыдамсыздык менен күтүүдөбүз».

Партеке өз кезегинде айым персоналдарга жаңы нерсени үйрөтүүгө шыктандыруудан таасирленди. «Эң башкысы бул практика жана процедураны тазаланган шарттарда гана жасоо». Ал май айында кайтып келүүнү жана өнүгүүнү көрүп, дагы бир жолу тренинг өткөрүп жана перинаталдык борбордо омуртка оорусун ооруксуздандырууну колдонууну бекитүүгө жардам бере турган Германиянын ооруканасы менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктү талкуулоону пландап жатат.

Апрель 2019-жыл