Акушердин санариптик жардамчысы

Акушердин санариптик жардамчысы

Тажрыйбалуу акушерлер SafeDelivery колдонмосу менен иштөөнү үйрөнүшүүдө  ©GIZ/Илья Южаков

Кош бойлуулук жана төрөт аялдын жашоосундагы кооптуу мезгил. Кыргызстанда жыл сайын кош бойлуулук, төрөт же төрөттөн кийинки мезгилде 50гө жакын аял көз жумат. Энелердин өлүмдүүлүгүн жашыруун изилдөө (ЭӨЖИ) боюнча 2-отчеттун натыйжасында, эгерде клиникалык протоколдорду аткаруунун ырааттуулугу сакталган болсо, бул өлүмдүн көп бөлүгүн (60%) токтотуп калууга мүмкүн болмок. Шашылыш абал келип чыкканда жана туура эмес кадамдарды жасаганда натыйжалары кайгылуу аякташы мүмкүн.

Колдонмо Safe Delivery  © GIZ/Илья Южаков

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бардык энелер жана ымыркайлар үчүн коопсуз төрөттү камсыз кылууда акушерлерге жаңы жардамчы пайда болду. 2019-жылдын май айынын аягында Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Коопсуз төрөт мобилдик колдонмосу (SafeDelivery) расмий чыгарылган. Тиркеме Энелер фонду (MaternityFoundation), Копенгаген Университети жана Түштүк Дания Университети тарабынан иштелип чыккан жана GIZ Перинаталдык саламаттык сактоо көмөктөштүгү долбоорунун колдоосунда Кыргызстанга пайдаланууга киргизилүүдө. Смартфондогу бул колдонмо акушерлерге базалык кечиктирилгис акушердик жардам жана ымыркайларга жардам берүү боюнча далилдерге, клиникалык колдонмого негизделген заманбап түздөн-түз жана тез жеткиликтүүлүктү алууга жардам берет. Колдонмо 40 ашык өлкөлөрдө диплом алганга чейинки жана диплом алгандан кийинки окуулар үчүн курал катары жана эң алыскы региондордо иштеген акушерлер үчүн чөнтөк маалымдама катары пайдаланылат.

Ал тургай тажрыйбалуу акушерлер үчүн да баалуу булак

Коопсуз төрөт колдонмосунун негизи Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) сунуштарынан алынды. Бул видео 11 клиникалык модулдан турат, ал өзүнө төрөттүн үчүнчү мезгилин активдүү жүргүзүү, төрөттөн кийинки кан агууну, артериялык кан басымдын жогорулашын, энелердин канынын бузулушун, ымыркайды кайра жандандырууну жана инфекцияларды профилактикалоону камтыйт.

Ар бир модуль нускамалары менен кыска анимацияланган видеороликтерди, иш-аракеттер карточкаларын, билимдерин текшерүү үчүн дары-дармектердин жана тесттердин тизмесин камтыйт. Колдонмону башкаруу акысыз жана оңой. Колдонмону интернетсиз пайдаланууга болот, бул байланыштын сапаты начар болгон региондор үчүн өтө маанилүү. 

Бүткүл Кыргызстан боюнча төрөт үйлөрүнөн жыйырма акушер Энелер фонду тарабынан колдонмо менен иштөө боюнча окуудан өттү жана алгачкы пикирлер оң жактуу болду.

Назгуль Шадыбекова   ©GIZ/Илья Южаков

"Акушерлик табышмактуу жана тез реакция кылуу керек болгондо көптөгөн жагдайлар менен бирге кечиктирилгис абалдарга туш болосуң», - дейт

Бишкек ш. №2 төрөт үйүнүн акушери Назгүл Шадыбекова. Назгүл 17 жылдан бери акушер болуп иштейт жана күнүнө 7-8 төрөттү кабыл алат. «Биз үчүн акушерлик абдан ыңгайлуу вариант, телефонду ачсаң, сенин колуңда ар кандай кечиктирилгис абалдарда керек болгон жана өзүңдүн билимиңди сыноого мүмкүн болгон бардык анык маалыматтар жана бардык клиникалык протоколдор турат».

Альвира Алибаева   ©GIZ/Илья Южаков

«Бул колдонмо акушерлерге жана башка медперсоналдарга оор абалдарды жеңип чыгууга мыкты жардамчы болот деп эсептейм», - дейтобласттар аралык Ош Клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн акушери Альвира Алибаева, бул жерде жылына 9 000 жакын төрөт кабыл алынат. Алардын 80% оорлошкон учурларда кыйла төмөн деңгээлдеги уюмдар тарабынан жөнөтүлгөндөр болуп саналат. «Мага маалымат жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде берилгени жагат. Төрөт мезгилинде өзүбүздүн жумушубузда биз көп туш болгон кан агуу, кан бузулуунун оорлошуусу сыяктуу абалдарга багытталган: инфекциялык контролду кантип сактоо керектиги жөнүндө билдирүү, ымыркайга алгачкы кайра жандандырууга жардам көрсөтүү ж.б. камтылган».

Улантуучулук жана практикалык к олдонууга карата каалоо жогорку деңгээлде

Коопсуз төрөт колдонмосунун бет ачары Бишкекте 27-майда өттү – бул Энелер фондунун колдонмону Кыргызстандын шарттарына адаптациялоо боюнча КР Саламаттык сактоо министрлигин, Акушерлердин кыргыз альянсын жана GIZкошкондо жергиликтүү өнөктөштөр менен биргеликте бир жарым жылдык ишинин натыйжасы. Алар биргеликте аны улуттук жана ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү менен мазмунун карап чыгышты жана оңдоо-түзөөлөрдү киргизишти. Ошондой эле Кыргыз акушерин жана алар иштеген шарттарды чагылдырган сүрөт жабдуулары адаптацияланды, тексттер орус тилине которулду (кыргыз тилине которуу процесси жүрүп жатат), орус жана кыргыз тилдеринде үндөр коштолду.

КР Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев саламаттык сактоону санариптештирүү жана Азияны социалдык коргоо боюнча Бишкекте GIZтарабынан өткөрүлгөн регионалдык конфернцияда колдонмонун бет ачарына катышты. Ал бүткүл Кыргызстан боюнча медициналык адистер колдонмону кеңири пайдаланарына ишеним көрсөттү: «Президент 2019-жылды санариптештирүү жылы деп жарыялады жана саламаттык сактоодо энелердин жана ымыркайлардын арасындагы өлүмдүүлүктү кыскартууга жардам бере турган көптөгөн демилгелер ишке ашырылууда».

Хелена Лассен,
программный менеджер фонда
©GIZ/Илья Южаков

Негизги роль Акушерлердин кыргыз альянсына жана башка кесиптик уюмдарга багыттала турган колдонмону андан ары жайылтуу боюнча пландар иштелип чыкты. Назгүл Шадыбекова, Альвира Алибаева жана башка акушерлер колдонмо менен иштөөгө даяр болушту жана күнүмдүк иштеринде кесиптештерин колдонмону пайдаланууга шыктандыруу менен, өзүлөрүнүн жумушчу орундарында технологиялардын жайылтуучулары болуп саналышат.

Хелена Лассен Энелер фондунун программалык менеджери Кыргыз өнөктөштөрдүн улантуучулугуна таасирленди. «Санарип технологиясынын айланасы абдан жыш ызы-чууга ээ, бирок адамдар анын деталдарына мисалы, бул куралдар кантип иштешине жана алар кандай пайдаланылышы керектигине тийиштүү көңүл бурушат. Биз Кыргызстанда колдонмо чыныгы турмушта кантип колдонулары жөнүндө конкреттүү дискуссиянын бөлүгү болдук. Акушерлер жана студенттер бул колдонмону анык колдонушуна чыныдыгында кызыкдарбыз. Акушерлердин билимин жана ишенимин канчалык деңгээлде өзгөртө тургандыгын көрүү үчүн орто мөөнөттүү баалоо жүргүзүүнү күтөбүз».