КР Саламаттык сактоо министрлиги долбоорго сыйлык тапшырды

КР Саламаттык сактоо министрлиги долбоорго сыйлык тапшырды

КР Саламаттык сактоо министрлиги долбоорго сыйлык тапшырды ©КР ССМ пресс-кызматы

2019-жылдын 19-июнунда КР Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев мырза Перинаталдык саламаттык сактоо көмөктөштүгү долбоорунун жетекчиси Жан-Оливье Шмидт мырзанын Кыргызстандагы миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу аны менен жолугушту. Министр Шмидт мырзага Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө жана күчтөндүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди жана ага Вашингтондо Дүйнөлүк банктын кеңсесинде аткара турган миссиясына ийгиликтерди каалады.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин белек альбому © GIZ/Клаус Хорнетц

Кыргызстан менен Германиянын өлкөдөгү кош бойлуу аялдардын жана ымыркайлардын саламаттыгын жакшыртуудагы ийгиликтүү кызматташуусунун жыйынтыгын чыгаргандан кийин, Чолпонбаев мырза Шмидт мырзанын кошкон салымын белгиледи жана ага Министрликтин жогорку сыйлыгы «Саламаттык сактоонун отличниги» белгисин тапшырды.

Шмидт мырза министрге жана жалпы министрликке ыраазычылыгын билдирди: «Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө өзгөчө салым үчүн долбоордун командасынын атынан бул сыйлыкты алуу менен үчүн чоң сыймык, биз аталган ишти бүгүн белгилеп жатабыз. Бул сыйлык – бизге жүктөлгөн чоң ишенимдерди актоо үчүн сапаттуу консультациялык кызматтарды көрсөтүүнү улантууга түрткү берет».

Ошондой эле, Шмидт КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун, Акушерлердин кыргыз альянсынын, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун расмий ыраазычылык каттарын алды.

Долбоор эки жылдын ичинде пилоттук региондо ымыркайлардын өлүмдүүлүгүн дээрлик 40% төмөндөттү жана секторду санариптештирүү үчүн инновациялык методдорду киргизди. Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги келечектүү багыттарды чыңдоо жана андан ары кеңейтүү максатында 2022-жылдын аягына чейин долбоордун кийинки фазасын каржылай тургандыгын ырастады.

Ошондой эле долбоордун командасы Жан-Ольвье Шмидтке ак ниет иши үчүн ыраазычылык билдирет жана ага алдыда бардык жакшылыктарды каалашат!