Туура жолдобуз

Туура жолдобуз

Ооруканага жаткырууну күтүп жатышат, Ош облустар аралык бириккен ооруканасы © GIZ / Максим Фоссат

Жогорку тобокелдиктеги кош бойлуу аялдарды кантип убагында аныктоо жана ага керектүү учурда, керектүү жерде жардам алуусуна кантип көз салуу керек?

2019-жылдын июлунда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо уюмдары үчүн кош бойлуу аялдарга жолдомо берүүнүн улуттук стандарттарынын үстүндө ишти баштады. Стандарттарда кош бойлуу аялдарды медициналык жардамдын бир деңгээлинен башка деңгээлине которуунун мөөнөтү жана тартиби аныкталат. Бул дарыгерлерди, оорукананын жетекчилерин, медициналык камсыздандыруу адистерин гана эмес, ошондой эле медициналык билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүн да биргеликте чогултууга биринчи аракет болуп саналат. Жумушчу топтун мындай курамы абдан маанилүү, анткени төрөткө чейин сапаттуу көзөмөлдөө жана тийиштүү каржылоо менен гана жолдоонун натыйжалуулугуна жетүүгө болот. 

Жолдомо берүүнүн иштеген системасы энелердин жана ымыркайлардын жашоосун сактайт

Тез жардам унаасы кош бойлуу аялды областтар аралык Ош төрөткасына алып келди © GIZ/Максим Фоссат

Көпчүлүк аялдарда кош бойлуулук тынч өтөт, бирок айрымдардан оорлошууну өз убагында аныктоо жана туура жолдоо керек. Эгерде муну өз убагында жасабаса, анда натыйжалары жаман болушу мүмкүн.

Кыргызстанда орточо бир аял кош бойлуулукка байланыштуу каза табат. 2017-жылы энелердин өлүмдүүлүгүн жашыруун изилдөөдө негизинен булар жакыр аялдар же өлүмдү алгачкы деңгээлде эле токтотууга мүмкүн болгон региондордогу аялдар экендигин көрсөттү. 

Региондордо үй бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздиги курч жана алардын кош бойлуулук менен байланышкан тобокелдиктер жөнүндө билиминин деңгээли төмөн бойдон калууда. Андан тышкары, бейтаптарды бир мекемеден экинчисине которуу процедурасы административдик кыйынчылыктар менен коштолот: бир жолдомону бекитүү үчүн ар башка беш тарапка сегиз телефон чалуу талап кылынат. Тез жардам унаасы да ар дайым боло бербейт жана ошондуктан аялдын үй бүлөсүнө борборго карай транспортту өзүлөрү уюштурууга жана төлөөгө туура келет. Аял ийгиликтүү которулган учурда дагы маалыматтарды алмашуу ар дайым эле шар жүрүшпөйт. Кабыл алган мекеме анын медициналык таржымалы жөнүндө толук маалыматты ала албайт.

Башка областтардын тажрыйбасын үйрөнөбүз 

Бул көйгөйлөрдүн баары жаңы эмес жана акыркы жылдары Кыргызстандын ар түрдүү региондорунда бейтаптарды которуу практикасын рационалдаштыруу аракеттери көрүлүүдө. Алардын бири 2017-жылы GIZ коолдоосу менен КР ССМ № 153 буйругу иштелип чыккан жана ишке киргизилген маалда Чүй областында болгон. Буйрукта Чүйдүн кайсы райондук жана шаардык ооруаналары кайсы кош бойлуу аялды жана ымыркайды тейлөөгө тийиш экендиги так аныкталган.

 

Каржылоо суроолору © GIZ/Дамира Сексенбаева

Бул критерийлер колдонуудагы ресурстарды рационалдаштырууга мүмкүндүк берди, бирок эне жана ымыркай үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо көйгөйү келип чыкты. Стационардык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнүн колдонуудагы механизмдери адатта татаал учурларды киргизгендиги үчүн ооруканаларды «жазалайт», анткени жөнөкөй төрөткө караганда, татаал төрөттөр бир кыйла төмөн ставкада болот. Мекеме жогорку тобокелдиктеги кош бойлуу аялдарды кабыл алуу жана дарылоо шыктануусунан айрылат. Жолдомо берүү системасында башка маанилүү звено амбулатордук бейтаптарды жолдоо болуп саналат. Тобокелдиктин белгилүү типтери аныкталган кош бойлуу аялдарга областтын же Бишкектин ооруканаларында адистештирилген жардам талап кылынат. Райондо биринчи төрөттү өткөрүп жаткан аял (дарыгердин, медайымдын жана акушердин тиешелүү даярдыгында) калган аялдарга караганда мыкты аткарышы мүмкүн. Кыргызстанда азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан саламаттык сактоо системасын реформалоодо алгачкы деңгээлди күчтөндүрүүгө басым жасалууда. Ошондой эле жолдомо системасы ФАП, ҮДТ, ҮМБ, райондук ооруканалар менен областтык жана улуттук деңгээлдеги ооруканаларды байланыштыруучу звено болуп саналат. Кыргызстандын Өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкта Перинаталдык саламаттык сактоо көмөктөштүгү долбоору ишке ашырылып жатат жана анын алкагында эне жана баланын саламаттыгын сактоо жаатындагы интеграцияланган жардамдын модели иштелип чыкмакчы.

Бардык негизги оюнчулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү столунда

Жумушчу топту түзүү идеясы пилоттук реформалардан жетишкендиктерди алуу жана ийгиликке жетүүгө тоскоолдук жараткан факторлорду эске алуу үчүн жаралган. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү, топтун жетекчиси Раиса Асылбаева улуттук стандарттардын зарыл экендигин белгилейт: «Биз Чүй областында жана Бишкекте сыноодон өткөн жолдомо системасын көрдүк, ал оң натыйжаларга ээ болду жана азыр бүткүл өлкө үчүн бирдиктүү стандарттарды өркүндөтүү зарыл».

 

Жумушчу группа © GIZ/Сардор Каримов

Жаңы топ адис-клиницисттер, энени коргоо боюнча координаторлор, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Электрондук саламаттык сактоо борборунун жана медициналык окуу жайлардын адистери гана эмес, бардык жети областтын өкүлдөрү да иштей тургандыгы үчүн маанилүү. Долбоордун консультанты, Марат Калиевдин Кыргызстанда саламаттык сактоону каржылоо жөнүндө баяндамасы өзгөчө кызыгууну жаратты. «Кыргызстанда дарыгерлер ушул кезге чейин система кандайча каржыланарын ойлонушкан эмес, - дейт GIZ кеңешчиси Дамира Сексенбаева. Баяндамада маанилүү маселелер көрсөтүлдү: Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу саламаттык сактоого канча сарптайт, саламаттык сактоонун бюджети кайда кетет жана алар көрсөткөн медициналык кызматтардын орду кантип толтурулат. Кыргызстанда абалдын татаалдыгына жараша энелер жана ымыркайлар үчүн амбулатордук-поликлиникалык жана стационардык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо системасын кайра карап чыгуу зарыл, ошондуктан бул талкуу абдан маанилүү». Кийинки жолугушууда ар бир региондун өкүлдөрү жолдомо берүүнүн эл аралык стандарттарын жеринде талкуулашат жана конкреттүү региондордогу колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен сунуштарды даярдашат. Электрондук саламаттык сактоо борбору медициналык документтердин жолдомосун жана аны алмашуунун формаларын иштеп чыгат.

Август 2019г.