Бейтап саламаттык сактоо системасында

Бейтап саламаттык сактоо системасында

Акушер жаңы төрөлгөн ымыркайды Ош шаарында, Папан айылында кароодо © GIZ/Максим Фоссат

2019-жылдын 25-октябрында «Кыргызстанда алгачкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде мамилелерге багытталган бейтапты өнүктүрүү» темасында Тегерек стол болуп өттү. КР Саламаттык сактоо министри ведомствонун башкы адистери, Кыргызстандагы Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) миссиясынын башчысы, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү, региондордогу медициналык уюмдардын областтык координаторлору жана жетекчилери, өнүктүрүү боюнча эл аралык эксперттер жана өнөктөштөр менен бирге Кыргызстандагы алгачкы медико-санитардык жардамды кайсы багытта өнүктүрүү керектигин талкуулоого чогулушту. 

Тегерек столдун жүрүшүндө жетекчилер жана практика өтүп жаткан адистер башка өлкөлөрдүн бейтапка багытталган жардам көрсөтүү тажрыйбасын карашты жана Кыргызстан үчүн кыйла ылайыктуу моделин талкуулашты.

Өкмөттүн стратегиясынын борборундагы алгачкы медициналык-санитардык кызмат

Күндүн биринчи жарымында СМ 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» аталышында Өкмөттүн Программасында белгиленген негизги багыттар көрсөтүлдү. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев алгачкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү Программанын төрт артыкчылыктарынын бири экендигин белгиледи жана алгачкы медициналык-санитардык жардам кызматынын сапатын жакшыртуу, атап айтканда кадрларды, жабдууларды жана инфратүзүмдөрдү, маалыматтык технологияларды жана саламаттык сактоо уюмдарынын өз ара байланыштарын күчөтүү боюнча иш-чараларды координациялоо боюнча жашы ниеттерин билдирди. Андан ары Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Анара Ешходжаева жана Саламаттык сактоо саясатын стратегиялык пландоо жана иштеп чыгуу башкармалыгынын жетекчиси Медер Исмаилов Кыргызстанда алгачкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү боюнча учурдагы иш-чаралар жана келечектеги артыкчылыктар тууралуу айтып беришти.

"Баарын туура кылуудан" тартып "туура иштерди кылууга" чейин

Д-р Арнольдас Юргутис   © GIZ

ДСУ Европа бюросунун консультанты Арнольдас Юргутис Кыргызстандагы алгачкы медициналык-санитардык жардамга жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыктары, аны өнүктүрүү сунуштары менен тааныштырды. Региондордогу үй бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздиги, отчетторду толтуруунун ири жүктөмү, жалпы практика дарыгеринин жана медициналык айымдардын так белигленген милдеттеринин жоктугу. Кыргызстанда алгачкы медициналык-санитардык жардамдын ишине көңүл буруу натыйжа эмес, процесстин өзү экендигин белгиледи. Арнольдас Юргутис сунуштарга кайтып келүү менен ой-жүгүртүүнү өзгөртүүнүн зарылдыгын белгиледи: алгачкы медициналык-санитардык жардам бул бейтап менен байланышуучу биринчи звено жана дал ушул жерден жардамды координациялоону жакшыртуу, бейтап үчүн аны үзгүлтүксүз кылуу зарыл.

СУ башкаруунун же “doing things right” салттуу ченемдеринен кетүү жана “doing right things” башкы багыт менен саламаттыкка калкттын керектөөлөрүн башына коюу зарыл экендигин белгиледи.

Арнольдас Юргутис кийинки презентациясында Бардык катышуучулар терминология жана мамилени түшүнүү менен бир толкунда болушу үчүн, интеграцияланган кызматтарга Европа алкактык негиздерди берүү менен андан кийинки талкууга жем таштады.

 

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын окуп үйрөнүү

GIZ консультанты Клаус Хорнетц, башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын эске алуу жана алардын каталарын кайталабоо үчүн алардын тажрыйбаларын үйрөнүү зарыл болгон башка өлкөлөрдүн колдонуудагы мыкты системаларынын алгачкы медициналык-санитардык жардамды уюштуруу мамилелеринин обзорун көрсөттү. Ал Кытайда киргизилген моделге токтолду, анда пост-советтик өлкөлөр үчүн салттуу болгон Семашко системасы жана Финдляндиядагы саламаттык сактоо модели трансформацияланган.

БУУнун Балдар фондунун ИВБДБ (бала куракта интеграцияланган ооруларды киргизүү) боюнча координатору Арсен Коркмазовдун корутундусунда патронаждык (үйдөн жардам берүүчү) медайымдардын ролун жана бул моделдин принциптерин күчөтүүдө Казакстандын тажрыйбасын көрсөттү.

 

Талкуу жана келечекке карата корутундулар

Тегерек столдун катышуучулары Кыргызстандын шарттарында тигил же бул практиканы киргизүү мүмкүндүгүн ачык талкуулашты.

Тегерек столдун жыйынтыгын чыгарып жатып, Анара Эшходжаева Кыргызстан үчүн алгачкы медициналык-санитардык жардамдын моделин тандоодо өткөрүлгөн тегерек столдун маанилүүлүгүн баса белгиледи жана талкууга активдүү катышкан катышуучуларга ыраазычылык билдирди. «Биз бүгүн жолугушууга коюлган максаттарга жеттик, мында эл аралык эксперттер тарабынан алгачкы медициналык-санитардык жардамдын ар түрдүү дүйнөлүк моделдери көрсөтүлдү. Кыргызстанда мындай моделди иштеп чыгуу үчүн 3 жумушчу топ түзүлдү. Модель пилоттук коомчулукта тестирленет жана андан ары бүт өлкөгө жайылтылат. Мен бардыгын бул процесске активдүү катышууга чакырам, эгерде кимдир бирөө жумушчу топтун курамына кирүүгө каалоосу болсо, бизге билдирүүнү өтүнөм. Кйиинки этаптагы жолугушуу кыйла тематикалуу, алгачкы медициналык-санитардык жардамдын тандалган моделин киргизүүнүн кадамдык планын иштеп чыгууга жана анын туруктуулугу үчүн шарттарды түзүүгө багытталат» - деп белгиледи ал.