"Миң уккандан бир көргөн артык" – Казакстанга таанышуу сапары

"Миң уккандан бир көргөн артык" – Казакстанга таанышуу сапары

Дарыгерге көрүнүү үчүн кезекке туруу, Ош облусу © GIZ / Максим Фоссат

 

2019-жылдын 18-ноябрында Кыргызстанды Саламаттык сактоо министрлигинин жана медициналык мекемелердин өкүлдөрүнүн делегациясы эне жана бала үчүн алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмунда тажрыйбаларды өздөштүрүү үчүн Алматы ш. барышат. Делегацияны алгачкы медико-санитардык жардам көрсөтүү боюнча Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун  (ДСУ) Европа борбору кабыл алат. Борбор 2015-жылы ачылган жана адамга багытталган комплекстүү кызматтарды көрсөтүүгө борборлоштурулуу менен саламаттык сактоо системасын реформалоодо ДСУга мүчө-өлкөлөргө колдоо көрсөтөт. Делегация ошондой эле Алматынын жана жакынкы райондордун бейтапканаларына жана ооруканаларына барууну пландап жатат.

Иш сапардын алкагында Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги киргизилген алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү модели жөнүндө айтып берет. Бул тобокелдиги бар, кош бойлуу аялдарды, ал көрүнүп жаткан бейтапканадан акырындык менен төрөт үйүнө которуу ыкмасы. Иш сапардын үчүнчү, акыркы күнү эки өлкөнүн тең Саламаттык сактоо министрлеринин жана ДСУ эл аралык эксперттеринин катышуусунда алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү чөйрөсүндө мындан ары кызматташуу жолдорун аныктоо үчүн Тегерек стол өтөт.

Кыргыз делегациясынын иш сапары өткөн жылдын октябрында алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү жакшыртууга болгон мамилелерди талкууланган Тегерек столдун логикалык жактан уландысы болуп саналат. КР Саламаттык сактоо министрлиги жана  Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коому) Ош областынын райондорунун биринде эне жана ымыркайга бейтапка багытталган кам көрүүнүн моделин тестирлеп көрүүнү пландалууда. Пилоттук долбоор перинаталдык саламаттыкты жакшыртуу боюнча кыргыз-герман долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.

Делегациянын курамына КР СМ кызматкерлери, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, медициналык билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, саламаттык сактоонун жана социалдык өнүктүрүүнүн регионалдык өкүлдөрү жана «Перинаталдык саламаттык сактоо көмөктөштүгү» кыргыз-герман долбоорунун кеңешчилери кирет. Делегацияны КР СМ Медициналык жардамды жана дары-дармектер саясатын уюштуруу башкармалыгынын башчысы Анара Ешходжаева жетектейт.