#EduHackathon – окутуу үчүн инновациялык платформа

#EduHackathon – окутуу үчүн инновациялык платформа

‘"Аманат"’(Наследие) командасы: Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенттери #EduHackathon Ош шаарында ©GIZ/Рахат Абдыхаликова

Германия Өкмөтүнүн атынан GIZтарабынан ишке ашырылуучу Перинаталдык саламаттык сактоо көмөктөштүгү кыргыз-немец долбоорунун техникалык колдоосу менен «Үй бүлөнү пландоо боюнча кыргыз альянсы» БӨУ тарабынан медик-студенттер үчүн уюштурулган #EduHackathonалгачкы жолу декабрда Ош жана Бишкекте болуп өттү. Келечектеги дарыгерлер дизайндын күчүн жана промо-продукцияны түзүүнү байкап көрүштү. Калк үчүн кош бойлуулук жана ымыркайга кам көрүү тууралуу материалдарды иштеп чыгуу жана колдонууга чакыруу милдети коюлган.

Ош шаарынын командалары © GIZ/Рахат Абдыхаликова

Жеңүүчүлөрдүн куттуктоо © GIZ/Рахат Абдыхаликова

#EduHackathon– бул инновациялык билим берүү платформасы. #EduHackathonкомандалык иштин принциптерин жана материалдарды изилдөөнү, ошондой эле окуучуларды тартууну көздөйт.

Студенттер кош бойлуулукка жана ымыркайга кам көрүү тууралуу калктын билим деңгээлин аныктоо үчүн 500 адамдын арасында алдын ала сурамжылоо жүргүздү. Андан кийин алар 10-12 адамдан командага бөлүнүштү жана эки күндө 16 маалыматтык графикаларды, 1 китепчени, 14 видеоклипти жана социалдык тармактар үчүн 18 пост түзүштү. «Сиздер бизди өзүбүзгө ишенүүгө түрткү бердиңиздер. Бир канча күн мурда бул иш кол жеткис деп ойлогонбуз…» - дейт Кыргыз-Россия Славян университетинин "Босс молокосос" командасынан Халходжаев Тойчиходжа. Экспеттер материалдарын Саламаттык сактоо министрлигинин Эксперттик кеңешинде жактагандай эле, студенттер өзүлөрүнүн идеяларын эксперттердин алдында коргошту. Жеңүүчүлөрдүн продуктусу «Үй бүлөнү пландоо боюнча кыргыз альянсы» БӨУ тарабынан жеткире иштелип чыгат жана расмий жарнамалык кампанияда пайдаланылат.

«Үй бүлөнү пландоо боюнча кыргыз альянсы» БӨУ директору Бактыгуль Бозгорпоева иш-чаранын жыйынтыгына ыраазы болду: «Хакатондун» өзү маанилүү окуя болуп саналат. Ошондой болсо дагы, командалардын санына жана продукциянын сапатына таң калдым. Албетте, продукция жеткире иштелип чыгат, бирок ар бир продукттан идеясы болобу же дизайны болобу уникалдуу нерсени көрүп турабыз».