Адам саламаттык сактоонун борборунда

Адам саламаттык сактоонун борборунда

Иш сапардын катышуучулары © ДСУ/Жером Флайоск

2018-жылы Кыргызстан Астанада 100дөн ашык өлкөлөр менен бирге алгачкы медициналык-санитардык жардам жана медициналык кызматтарга жетүүгө калкты камсыз кылуу жөнүндө декларацияга кол койду. Декларацияга жана алынган милдеттенмелерге ылайык Казакстан адамдын керектөөлөрүнө багытталган саламаттык сактоо моделин киргизет жана өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшөт. 18-ноябрдан тартып 22-ноябрга чейин Кыргызстандын делегациясы 17 адам курамында Алматыдагы жана жакынкы райондорундагы пилоттук уюмдарга барышты.

Окутуучу иш сапар  Казакстан Республикасынын  Саламаттык сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун алгачкы медициналык-санитардык жардам боюнча Европа борбору менен биргеликте Алматыда перинаталдык көмөктөшүк боюнча Кыргыз-Герман GIZ долбоорунун техникалык колдоосу менен уюштурулган.

Иш сапардын максаты алгачкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде комплекстүү мамилени уюштуруну, кош бойлуу аялдар жана ымыркайлар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүн көрүү жана  кайсы элементтерди үйрөнүүгө болорун аныктоо менен бекемделет.

Иш сапар учурунда делегаттар эксперттер менен жолугушту, медициналык мекемелерге барышты жана аягында Казакстан Республикасынын Министрлигинде тегерек стол өткөрүлдү. Кыргызстандын делегациясын КР СМ медициналык жардамды уюштуруу жана лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Анара Ешходжаева жетектеди. Топко ошондой эле КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Электрондук саламаттык сактоо борборунун, медициналык билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана саламаттык сактоо жана социалдык кызматтардын областтык координаторлору киришти. GIZ долбоору КР СМ адамга багытталган комплекстүү мамиленин мыкты практикаларын аныктоодо техникалык колдоо көрсөтүшөт.

Адамдын керектөөлөрүнө көңүл бурулган саламаттыкты коргоо

Алгычкы медициналык-санитардык жардамды бекемдөөдө Казакстандын жолу Кыргызстандын делегациясына таасир калтырды. Бейтапканалардын ишин уюштуруу дароо көзгө чалдыгат: узартылган график, электрондук кезектер жана электрондук медициналык карталар. Мындай иштер кызматтар үчүн келгендерге ыңгайлуу жана натыйжалуу тажрыйба алууга жардам берет.

Бейтапканадда бейтаптын каттамын түстүү кодировка менен каттоо: жашоо үчүн кооптуу, кечиктирилгис жана кооптуу эмес © ДСУ/Жером Флайоск

Эркек медайым бейтапка кеңеш берет © ДСУ/Жером Флайоск

Бейтаптарды үч түскө бөлүүнү киргизүү күтүүнү кыскартат жана ошону менен бирге айыгуу мүмкүндүктөрүн кеңейтип, өз убагында керектүү адиске багыттоого мүмкүндүк берет. Бөлүү медициналык кызматкерлер үчүн да пайдалуу, алардын натыйжалуулугун жогорулатат жана кызматтардын сапатын жакшыртат.

Командалык иш – Казакстанда алгачкы медициналык-санитардык жардамдын негизи: жумушчу процесстер коюлган жана ар бир кызматкердин ролу жана милдеттери так аныкталган. Казакстандагы реформалардын натыйжасында медайымдардын ролу жогорулаган. Эми алар эл үчүн саламаттык сактоо системасынын алгачкы байланышуучу жак болуп саналышат. Медайымдар базалык кызматтар топтому боюнча бейтаптарга консультация беришет. Ишти мындай бөлүштүрүү үй бүлөлүк дарыгерлердин рутиндик жүктөмүн азайтат жана аларга оор учурларга көңүл буруусуна мүмкүндүк берет.

Көп профилдүү бригадалар курамына социалдык кызматкерлер жана психологдор кирет. Ошондой эле кандайдыр бир себептер менен медициналык жана социалдык кызматтарды ала албаган кош бойлуу аялдардан, энеле жана ымыркайлардын үйүнө күн сайын баруучу, патронаждык айымдар (үйдөн жардам көрсөтүү) посту киргизилген. Бул алгачкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлиндеги кошумча адистиктер Казакстанда «Саламаттык сактоо кызматтары менен бүт бардыгын камтуу» максатына жетишүүгө шарттайт. Ооруларды профилактикалоо боюнча кызматтарды камтуу, дени сак жашоо образын пропагандалоо жана профилактикалык кароого бейтаптарды тартуу кеңейтилүүдө.

Комплексные услуги

Иш сапардын жыйынтыктоочу күнүндө тегерек столдо эки өлкөнүн тен катышуучулары таасирлери менен бөлүшүштү жана мындан ары кызматташуу жолдорун талкуулашты.

Анара Ешходжаева  © ДСУ/Жером Флайоск

Назгуль Чолумова  © ДСУ/Жером Флайоск

Анара Ешходжаева кыргыз делегациясы Казакстанда жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө таң калбай кое алган жок дейт. «Алгачкы медициналык-санитардык жардам системасы ушунчалык натыйжалуу иштейт экен, абдан таасирлентти, - дейт ал, - Сиздердин өзгөрүүлөргө болгон жалпы иш жана таасир калтыруучу натыйжаларды биздин өлкөдө колдонсок болот».

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй бүлөлөр жана балдар үчүн социалдык кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Назгуль Чолумова социалдык кызматкерлердин ишиндеги айырмачылыктарга таң калды. «Кыргызстанда социалдык кызматкерлер Казакстандагы соцкызматкерлердей эле иш алып барышат, - дейт ал, - бирок Кыргызстанда эгерде бала медициналык текшерүүгө же психологдун консультациясына муктаж болуп калса, соцкызматкер жана бала медикти өзүнчө, психологду өзүнчө издөөгө тийиш болот. Бул жерден мен комплекстүү мамиле деген эмне экенин жана бейтап дарылоонун жана кам көрүүнүн бардык аспекттеринде тең укуктуу өнөктөш болуп саналарын көрдүм».

«Казакстанда алгачкы медициналык-санитардык жардам системасынын позитивдүү өзгөрүүлөрү жөнүндө көп жолу укканбыз. Бирок жасалган иштер мынчалык ири деп ойлогон эмеспиз»- дейт GIZ консультанты Марат Калиев.

Биз советтик модель көп деле өзгөрбөйт деп күткөнбүз, мунун ордуна бейтаптардын бакубаттыгына көп профилдүү команданын комплекстүү кызмат көрсөтүүнүн заманбап системасын көрсөткөндүгүн билдик».

ДСУ Европа Борборунун атынан д-р Арнольд Юргутис эки өлкөнүн тең саламаттык сактоо министрлигине борборунда адам турган алгачкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүнү жолдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди. «Эми биз адамдын диагнозун жана медициналык керектөөлөрүн гана эмес, адамды жана анын социалдык жана психологиялык керектөөлөрүн да көрөбүз». Д-р Юргуртис эки өлкөнүн ортосундагы андан аркы келечектүү кызматташуу менен байланыштуу ыраазычылыгын айтты жана ДСУ Борборунун колдоосу тууралуу билдирди.

январь 2020

#ВОЗ #МЗКР #ДекларацияАстана #ПМСП #денсоолук #ЗдоровыйЧеловек_ПроцветающаяСтрана #здоровье #GIZKyrgyzstan #ЗОЖ #Казахстан