Перинаталдык долбоор (2018-2020)

Кызматташуу

2018-жылдын сентябрь айынан 2020-жылдын сентябрь айы аралыгында Deutsche Gesellschaft für internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын эл аралык кызматташтык коому), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) тапшырмасы боюнча «Перинаталдык ден соолукту чыңдоо» кыргыз-герман долбоору ишке ашырылган.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Дени сак эл – гүлдөгөн өлкө» программасын ишке киргизүүнү колдоп, Кыргызстандын беш аймагында кош бойлуу аялдарга жана жаңы төрөлгөн балдарга комплекстүү жардамдын сапатын жакшыртууга өбөлгө түздү. Бул максатка жетүү үчүн долбоордун командасы Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарында улуттук жана аймактык деңгээлде өнөктөш уюмдар менен активдүү кызматташты.
Жалпысынан 500гө жакын адам медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, перинаталдык жардамдын сапатын жогорулатуу жана кош бойлуу аялдардын жана жаңы төрөлгөн балдардын муктаждыктарына багытталган комплекстүү багууну жакшыртуу боюнча иш-чараларга тартылган.

Долбоор Германия тарабынан колдоого алынган Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы чоң программанын бир бөлүгү болгон. Программа ошондой эле жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери кыргыз өкмөтүнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы реформаларына колдоо көрсөтүп келе жаткан KfW Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржылык кызматташуу боюнча иш-чараларды камтыйт.