ММКнин кош бойлууларга болгон женилдиктери - медициналык кызматтарга жана дары-дармектерге арзандатуулар
МКК (милдеттүү медициналык камсыздандыруу) полиси акысыз берилет жана аялдарга кош бойлуу кезинде жана төрөттөн кийин медициналык кызматтарды алуу укугун жана ошондой эле дары-дармектерди сатып алууда женилдиктерди берет.
Мисалы,кош бойлуу аял фолий кислотасын жана темирди дарыканада 50% арзандатуу менен сатып алса болот.
ММК полисин алуу учун:
-жашаган жери боюнча ҮМБ/ҮДТда үй-бүлөлүк дарыгердин же гинекологдун арызын толтуруу;
-паспорттун көчүрмөсү.
ММК полиси кош бойлууга жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгер же гинеколог тарабынан берилет.
ММК полисинин жарактуу мөөнөтү - алынган кундон тартып 12 ай түзөт.